Джунушалиев Айбек Джанышбекович
  • Туулган күнү:
    06-07-1976

Шаардын мэри:

Бишкек шаарынын мэриясынын, аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин (муниципалдык ишканалардын) иш-аракеттерин жалпы жетекчиликке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырат; аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка уюмдардын иш-аракеттерин координациялайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жана аткаруу бийлигинин органдарынын функцияларын жүзөгө ашырууну камсыздайт.

Бишкек шаарын өнүктүрүү саясатын түзөт.

Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, финансы-экономикалык жана өнөр жай саясатынын негизги багыттарын, ички аудитти, Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин жакшыртууга багытталган жалпы шаардык жана максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну аныктайт.

Администрациялык реформаларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун өнүктүрүү, шаардык башкаруу органдарынын түзүмүн жана функцияларын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу жолу аркылуу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды жүргүзүүнү камсыздайт.

Жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү жана чарба жүргүзүүчү субъекттери (муниципалдыкишканалар) тарабынан аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөактыларды чыгаруу жолу менен жетектеген багыттары боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, вице-мэрлерине жана Бишкек шаарынын мэриясынын  аппарат жетекчисине мэриянын чечимдерине жана башка  документтерине  кол тамгакоюуга ыйгарым укуктарды өткөрүп берет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.




*Бишкек шаарынын прокуратурасы.

*Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы.

*Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.

*Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы.

*Райондук аскер комиссариаттары.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча сектору.