Садырбеков Азиз Садырбекович
  • Туулган күнү:
    15-04-1980
Билими:

1997-2002-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча «Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу» адистигин аяктаган.

2011-2013 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

Азиз Садырбеков эмгек жолун Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясында иштөө менен баштаган. Кийинчерээк «Геом» ЖЧКсында (Казакстан Республикасы) экономист, «Аспара Компани» ЖЧКсынын (Казакстан Республикасы) Астана шаары жана Акмола облусу боюнча аймактык директору болуп иштеген. Кайтып келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча эксперти, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинде башкы адис, Акшумкар конушунун катчылыгынын башчысы, ошондой эле Дүйнөлүк банктын "Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо"  долбоорунун эксперти болуп иштеген. Кийин жеке ишканада директордун орун басары, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн инспектору кызматтарын аркалаган.

Азиз Садырбеков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалганга чейин жеке компанияда коммерциялык директор болуп иштеген.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси 

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын иш-аракеттерин пландаштырат; Бишкек шаарынын мэриясынын иш пландарынын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын иш-аракеттерин координациялайт жана контролдойт; администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыздайт; укук коргоо жана сот органдары, аскер комиссариаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт, муниципалдык кызматты уюштуруу маселелерин  даярдоону жана  ишке ашыруунукамсыздайт.

Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаардык кеңешинин өз ара бирге аракеттенүүсүн уюштурат жана  жүзөгө ашырат.

Уюштуруу, кадрдык, юридикалык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар, маалыматтык камсыздоо, эл аралык байланыштар, борбордук аппараттын муниципалдык кызматчыларынын этикасы; Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, архивдик кызматтыниш-аракеттери; кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, кадрлар резервин түзүү; Бишкек шаарынын мэриясын чарбалык камсыздоо маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт; 

Бишкек шаарынын мэриясында иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумун уюштурат, жогору турган уюмдардын документтеринин, жарандардын кайрылууларынын жана даттанууларынын аткарылышын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышын контролдойт; Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) кызматкерлерининэмгек жана аткаруу тартибин контролдойт.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттары боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



*Бишкек шаарынын прокуратурасы.

*Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы.

*Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы.

*Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары.

Муниципалдык аймактык башкармалыктар.

*Райондук аскер комиссариаттары.

Бишкек шаардык мамлекеттик архиви.

Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борбору.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты.