Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ички аудит бөлүмү жөнүндө ЖОБО 

1. Жалпы жоболор

1. Ички аудит бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи  орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары - мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм өз иш-аракеттеринде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Бөлүмдүн кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчы болуп саналышат; 

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун, тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдетүү;

- ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен мамилелерде мэриянын өкүлү болуп саналышат.

4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.

Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин бөлүмдүн башкы адиси кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен аткарат. 

2. Бөлүмдүн милдеттери 


6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) ички контролдоо тутумунун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү максатында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүн текшерүү; финансылык жана башкаруу маалыматынын ишенимдүүлүгүн жана аныктыгын; иш-аракеттердин жана башкаруунун жыйынтыктуулугун, үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо; активдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын текшерүү;

2) ички аудит объектинин ички контролдоо тутумунун натыйжалуулугун баалоо жана баалоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу.


3. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) ички аудит объектинин тобокелдиктерин башкаруу тутумунун натыйжалуулугун баалоо жана анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу;

2) ар бир жүргүзүлгөн ички аудит боюнча аудитордук отчётторду даярдоо жана аларды мэр менен макулдашуу;

3) Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

4) жүргүзүлгөн баалоого ылайык тобокелдиктерди иштеп чыгуу жана стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык өнүктүрүү пландарын мэрдин бекитүүсүнө киргизүү;

5) жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча иш-чаралардын пландарын (түзөтүүчү аракеттер) иштеп чыгуу, пландардын жана иш-чаралардын аткарылышын контролдоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик камсыздоо;

6) мэрдин тапшырмасы боюнча атайын долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде кыянатчылыктар жана бузуулар жөнүндө фактыларды териштирүүгө катышуу;

7) мэрдин тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткаруу жана башка долбоорлорго катышуу.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо  каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар, төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекичисинин катышуусу менен өтүүчү иш-чаралардын планына киргизүү үчүн ички аудит маселелери боюнча сунуштарды пландайт жана киргизет;

2) өз компетенциясынын чегинде ички аудит маселелери боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт;

3) ички аудит маселелери боюнча мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун жана башка документтерди даярдоону уюштурат;

4) жетектеген багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун  жана башка документтерди экспертизалоо жүргүзөт.

10. Бөлүмдүн кызматкерлери башка ыйгарым укуктары менен катар, төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык ички аудит маселелерин жетектешет;

2) жетектеген багыттары боюнча ички аудит боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдашат. 


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


11. Бөлүм өз иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.