Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО 

1. Жалпы жоболор

1. Маалыматтык саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), мэрдин биринчиорун басарынын жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын  (мындан ары - мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм өз иш-аракеттеринде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Бөлүмдүн кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчы болуп саналышат; 

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдетүү;

- Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын кодексин сактоого милдеттүү; 

- ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жана алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен мамилелерде мэриянын өкүлү болуп саналышат.

4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.

6. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин бөлүмдүн башкы адиси кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен аткарат. 


2. Бөлүмдүн милдеттери 


7. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) мэриянын иш-аракеттери жөнүндө жарандарды жана коомчулукту маалымдоо; 

2) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыздоо.

3. Бөлүмдүн функциялары


8. Бөлүм Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:


1) ЖМК, интернет-басылмаларга, социалдык тармактарга мэриянын иш-аракети жөнүндө маалымат берүү, ЖМК, интернет-басылмалар, социалдык тармактар аркылуу мэриянын иш-аракетинин ар түрдүү маселелери, мэриянын кабыл алынган чечимдери жөнүндө калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2) ЖМК, интернет-басылмаларда, социалдык тармактарда мэриянын иш-аракетине байланышкан расмий билдирүүлөрдү, пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдоо материалдарын, ошондой эле видео-, сүрөт- жана аудиоматериалдарды даярдоо жана жайылтуу;

3) мэриянын иш-аракетин объективдүү чагылдыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле маалыматтык кызматтар жана уюмдар менен координациялык иштерди жүзөгө ашыруу;

4) басылма жана электрондук ЖМК, интернет-басылмаларга, социалдык тармактарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, мэриянын иш-аракеттерине карата ЖМКнын позициясы жөнүндө мэриянын жетекчилигине ыкчам маалымат берүү;

5) мэриянын жетекчилигинин жолугушууларын, сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле алардын катышуусу менен өтүүчү башка иш-чараларды маалыматтык камсыздоону уюштуруу;

6) мэриянын жетекчилигинин катышуусу менен брифингдерди, пресс-турларды жана интервьюларды уюштуруу;

7) мамлекеттик жана расмий тилдерде мэриянын иш-аракеттери жөнүндө жыйынтыктуу пресс-релиздерди расмий сайтта даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу;

8) мэриянын расмий сайтын үзгүлтүксүз маалыматтык камсыздоо;

9) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн демилгелерин чагылдыруу боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;

10) расмий иш-чараларда мэрдин чыгып сүйлөөчү текттерин даярдоо.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары

                                                                                 

9. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо  каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу;

3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.


5. Кызматтык өз ара аракеттенүү


10. Бөлүм өз иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, ошондой эле ЖМК, эл аралык  жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.