Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жөнүндө ЖОБО 

1. Жалпы жоболор

1. Коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), мэрдин биринчи  орун басарынын жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын  (мындан ары - мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Бөлүмдүн кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчы болуп саналышат; 

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

- мэриянын чечимдеринде аныкталган компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,  алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен мамилелерде мэриянын өкүлү болуп саналышат;

- өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө
типтүү жобону жетекчиликке алышат.

4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.

Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин бөлүмдүн башкы адиси кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен аткарат. 

2. Бөлүмдүн милдеттери 


6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) мэриянын компетенциясынын чегинде укук коргоо органдары жана атайын кызматтар менен мэриянын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;

2) мэриянын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;

3) коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо жана коррупциянын алдын алуу чараларын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

4) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга алгачкы мониторинг жүргүзүү, мэрияда коррупцияны алдын алуу чараларын методологиялык, консультациялык коштоо, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү минимизациялоо;

5) шаардын аймагында коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча иш-чараларга мэриянын катышуусун уюштуруу.


3. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо  каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн укук коргоо органдары, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну жүзөгө ашырат;

2) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, коррупциянын алдын алуу боюнча чараларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

3) белгиленген тартипте сунуштарды даярдайт, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;

4) мэриядагы коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жүргүзөт жана башкарат, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) жана аныкталган коррупциялык схемаларды жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;

5) этика боюнча комиссиянын, кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын жана башка комиссиялардын ишине катышат;

        6) бөлүмдүн  карамагына кирген мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылууларды карайт;

        7) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары жана кайрылуулары менен байланышкан ишин алардагы коррупциялык фактылар жөнүндө маалыматтарды аныктоо боюнча талдоо жүргүзөт;

        8) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын ала болтурбоого же жөнгө салууга багытталган чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын, ошондой эле «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин мэриянын кызматкерлери тарабынан сакталышын камсыздоого  көмөк көрсөтөт;

        9) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө усулдук, уюштуруучулук жана практикалык жардам көрсөтөт;

        10) мэрге төмөнкү маселелер боюнча материалдарды берет: мониторинг жүргүзүү, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупция фактылары жөнүндө жарыялардын чыгарылышы, коррупциялык факторлорду аныктоо, коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар жана бөлүмдүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча;

        11) коррупциялык багыттагы фактылар боюнча “ишеним телефонунун” ишин уюштурат;

        12) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана уюмдардын өкүлдөрү менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;

        13) Мэриянын укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын, жана башка шаардын кеӊеш берүүчү жана координациялык органдарынын коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү иш-аракеттерин камсыздоону жүзөгө ашырат;

        14) укук коргоо органдарынын катышуусу менен Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгат, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

        15) шаардын аймагында коомдук-саясий, диний, маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды (тынч чогулуштарды) өткөрүүдө мэрия менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

        16) кызмат орудна дайындалышы жана бошотулушу мэр тарабынан жүзөгө ашырылуучу белгиленген тартипте муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын ала болтурбоо же чечүү боюнча талаптардын сакталышын жана алардын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткаруусунтекшерүүнү жүзөгө ашырат;

        17) шаардын аймагындагы коомдук-саясий кырдаалга үзгүлтүксүз талдоо жүргүзөт, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзөт жана алардын негизинде мэриянын коомдук тартипти коргоо жаатындагы иш-аракттеринин багыттарын аныктайт;

        18) коомдук тартипти сактоо боюнча калктын ыктыярдуу топторунун иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүү максатында шаардын аймагындагы укук бузуулардын алдын алуу тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;

        19) максаттуу программаларды иштеп чыгууга, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык маалым каттарды, баяндамаларды жана маалыматтык материалдарды даярдайт;

        20) "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун үзгүлтүксүз иштешин жана  ага мэриянын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт;

        21) терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

        22) жашыруун иш кагаздарын жүргүзөт.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо  каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин, алар тарабынан мэриянын чечимдеринин жана мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын аткарылышын бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөө максатында инспекциялоо;

2) бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана башка маалымдамаларды мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн белгиленген тартипте сурап алуу;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын иш-аракеттерине катышуу;

4) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

2) кызматкерлердин ортосунда милдеттерди, ошондой эле жарандардан жана юридикалык жактардан бөлүмгө келип түшкөн кайрылууларды, мыйзамдуулук маселелери боюнча материалдарды бөлүштүрөт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

10. Бөлүмдүн адистери башка ыйгарым укуктары менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча укук коргоо органдары жана атайын кызматтар, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүкамсыздашат;

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген иш-аракеттерди өркүндөтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен иштөөнү камсыздашат;

3) коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтарды жалпылашат, талдоо жүргүзүшөт жана сунуштарды даярдашат;

4) эксперттик-аналитикалык маалым каттарды жана сунуштамаларды, пландарды жана отчётторду иштеп чыгышат;

5) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды талдоо жүргүзүшөт;

6) жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылууларга жооптордун жана корутундулардын долбоорлорун карап чыгышат жана даярдашат;

7) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча маалымат алуу тартибинде бөлүмгө келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө маалыматтарды алышат.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


11. Бөлүм өз иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, ошондой эле эл аралык  жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.