Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмү жөнүндө ЖОБО

  1. Жалпы жоболор

1. Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), мэрдин биринчи  орун басарынын жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын(мындан ары - мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм өз иш-аракеттеринде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Бөлүмдүн кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчы болуп саналышат; 

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдетүү;

- ушул Жободо аныкталган компетенциясынын чегинде аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен мамилелерде мэриянын өкүлү болуп саналышат.

4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Бөлүмдү бөлүм башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.

Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин бөлүмдүн башкы адиси кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен аткарат. 


  1. Бөлүмдүн милдеттери 


6. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:

1) мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы иш-аракеттерин ишке ашыруу;

2) мэриянын жетекчилигинин чет өлкөлөргө болгон иш сапарлары жана чет өлкөлүк делегациялардын мэрияда өткөн жолугушуулары учурунда мэриянын иш-аракеттерин уюштуруу-протоколдук камсыздоо;

3) эл аралык кызматташтык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо.

3. Бөлүмдүн функциялары


7. Бөлүм Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) чет мамлекеттердин шаарлары, ассоциациялар жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен меморандумдардын, макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун даярдоону уюштуруу, ошондой эле аларды түзүүгө жана күчүн жоготууга байланышкан маселелерди чечүү;

2) чет өлкөлүк иш-чараларды пландоо жана мэриянын жетекчилигинин дипломатиялык кат алышуусун жүзөгө ашыруу;

3) мэриянын өкүлдөрү менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын, мэриянын жетекчилигинин чет өлкөгө кызматтык чыгууларын даярдоо жана уюштуруу;

4) мэриянын жетекчилигинин чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларына катышуучулардын курамын макулдашуу, аларды жолугушуулардын орду, убактысы жана мүнөзү жөнүндө кабарлоо; мэриянын кызыкдар болгон түзүмдүк бөлүмдөрүн, алардын компетенциясынын чегинде жолугушуулардын тийиштүү параметрлери тууралуу маалымдоо;

5) Бишкек шаарына келген чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууну уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле мэриянын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынан тышкары иш сапарларга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү;

6) мэриянын жетекчилигинин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлдөрү жана алардын кызмат адамдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;

7) мэриянын жетекчилигинин эл аралык кызматташтык жана протокол маселелери боюнча иш-аракеттерин камсыздоо;

8) "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мэриянын эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иш-аракеттери боюнча иш пландарын жана отчётторун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жөнөтүү;

9) боордош-шаарлардын жана өнөктөш-шаарлардын башчыларынын, Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын дарегине мэрдин атынан ар түрдүү мүнөздөгү кайрылууларды даярдоо жана жөнөтүү;

10) эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү меморандумдардын, макулдашуулардын түп нускаларын сактоо;

11) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн протоколдук-уюштуруучулук даярдык көрүү жана чет өлкөлүк делегациялардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча ишин координациялоо;

12) чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана мэриянын жетекчилигинин чет өлкөлөргө иш сапарларын протоколдук-уюштуруучулук камсыздоо боюнча иш-чараларды координациялоо;

13) аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдардын чет өлкөлүк иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды (тизмелерди) үзгүлтүксүз түрдө даярдоо.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо  каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен тышкы иштер чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүгө укуктуу; 

2) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекичисинин катышуусу менен өтүүчү иш-чаралардын планына киргизүү үчүн эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;

2) мэрдин, мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекичисинин чет өлкөлөргө барууларын жана иш сапарларын белгиленген тартипте уюштурууну камсыздайт;

3) өз компетенцияларынын чегинде чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн иш-аракеттерин координациялайт;

4) мэриянын эл аралык кызматташтык маселелери боюнча токтомдорунун жана тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;

5) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун экспертизалоону уюштурат.

10. Бөлүмдүн кызматкерлери башка ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырышат:

1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташтык жана протокол маселелерин жетектешет;

2) жетектеген багыттарына ылайык эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ТИМ жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет;

3) чет өлкөлүк делегациялардын Бишкек шаарына иш сапарларын жана шаардын делегацияларынын чет өлкөлөргө иш сапарларын даярдоо боюнча ишти координациялашат; 

4) эл аралык келишимдердин долбоорлорун белгиленген тартипте экспертизалоо жүргүзүшөт;

5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга зарыл материалдарды белгиленген тартипте даярдашат;

6) эл аралык кызматташтыктын жетектеген багыттары боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдашат;

7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууларга, эл аралык уюмдардын эксперттик кеңешмелерине катышышат.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


11. Бөлүм өз иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, ошондой эле эл аралык  жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.