Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жобо

         1. Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы (мындан ары – башкармалык) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия),  Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), мэрдин биринчи орун басарынын жана Бишкек шаарынын  мэринин орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), иш-аракеттерин башкармалыктын  милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат)түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

         2. Башкармалык  өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

         3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмү;

2) тармактык өнүктүрүү бөлүмү; 

3) социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү.

Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.

4. Башкармалыктын  кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

- Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын кодексин сактоого милдеттүү;

- ушул Жободо аныкталган компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлү болуп саналышат. 

         5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

         6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектөөнү жүзөгө ашырат.

         7. Башкармалыктын начальнигинин стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.

         Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары начальник иште жок мезгилде кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн, тармактык өнүктүрүү бөлүмүнүн, социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы иште жок мезгилде башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы адис кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         

2. Башкармалыктын милдеттери


8. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыгуучу өзгөчө милдеттерди ишке ашырат. 


2.1. Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу

бөлүмүнүн негизги милдеттери


9. Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр:

1) Бишкек шаарын стратегиялык өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мэриянын иш-аракеттерин маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук камсыздоо;

2) шаарды инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

3) шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыздоо;

4) Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун колдоонун туруктуу тутумун түзүү;

5) жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү жана илгерилетүү;

6) муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун  өркүндөтүү;

7) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

8) Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу;

9) Бишкек шаарынын муниципалдык башкаруу тутумун жана калктын өзүн өзү уюштуруусунун коомдук формаларын өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу;

10) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.


2.2. Тармактык өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери


10. Тармактык өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкү чөйрөлөр боюнча шаарды өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү жана талдоо саналат:

1) шаардын турак жай-коммуналдык чарбасынын иштеши, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана күтүү эрежелерин, санитардык-экологиялык ченемдерди сактоо чөйрөсүндөгү саясатты калыптандыруу;

2) шаардык коомдук транспорт тутуму, шаардык инфратүзүм объекттерин куруу жана реконструкциялоо чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу;

3) шаардык саясатты өркүндөтүү жана муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

4) мэриянын архитектура жана шаар куруу, анын ичинде калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация чөйрөлөрүндөгү саясатын өркүндөтүү.


2.3. Социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери


11. Социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) социалдык чөйрөдөгү саясатты калыптандыруу жана өркүндөтүү;

2) мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын мэриянын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишинде ар тараптуу жана толук колдонулушун камсыздоо. 


3. Башкармалыктын функциялары


12. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат. 


3.1. Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


13. Стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат: 

1) өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо маселелерин координациялайт жана орто мөөнөттүү мезгилге Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринин долбоорлорун (анын ичинде тармактык багыттагы программалар, стратегиялар, концепциялар), ошондой эле аларды ишке ашыруу пландарын иштеп чыгат жана иштеп чыгууну уюштурат, Бишкек шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган башка документтерди иштеп чыгат;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларын (тармактык программаларды кошпогондо) ишке ашырууга багытталган иш-чараларды контролдойт;

3) шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча планды, мэриянын жылдык иш планын, ошондой эле өнүктүрүүнүн жылдык пландарын иштеп чыгат, мониторинг жүргүзөт жана аткарылышына талдоо жүргүзөт;

4) аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн иш-аракеттеринин пландарын түзүүдө координациялоону жана макулдашууну жүргүзөт жана жарым жылдык негизде алардын аткарылышынамониторинг жана талдоо жүргүзөт;

5) ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик программаларды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;

6) Бишкек шаарын стратегиялык өнүктүрүү, инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү жана илгерилетүү, донордук жана гранттык жардамдарды тартуу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоону, мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону жүзөгө ашырат;

7) муниципалдык, өкмөттүк, мамлекеттик жана башка программаларды ишке ашыруунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча министрликтер, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;

8) Бишкек шаарын стратегиялык өнүктүрүүнүн пландаштырылган максаттарына жетүү даражасын баалоо, шаардын социалдык-экономикалык абалынын өнүгүү процессин болжолдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууну уюштурат;

9) шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун даярдоону жүзөгө ашырат, шаарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

10) Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоону уюштурат;

11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорунун, тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана жол-жоболоштуруп коштоону камсыздайт.


3.2. Тармактык өнүктүрүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


14. Тармактык өнүктүрүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) шаардын турак жай-коммуналдык чарба, анын ичинде шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, шаардын аймагын санитардык тазалоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык лифт чарбасы чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттерди координациялоону, мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону жүзөгө ашырат;

2) шаардык коммуналдык реформанын, калкты коммуналдык тейлөөнүн программаларын жана пландарын иштеп чыгат;

3) транспорт тутуму, шаардык инфратүзүм объекттерин куруу жана реконструкциялоо чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашыруу боюнча иш аракеттерди иштеп чыгат, мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

4) Бишкек шаарынын коммуникация инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат;

5) автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоого жана эксплуатациялоого мониторинг жана талдоо жүргүзөт, бул процесстерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

6) Бишкек шаарынын аймагын келечектүү шаар куруунун жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт, шаар куруу жана реконструкциялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялайт;

7) муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү натыйжалуу башкаруу жана аны пайдалануу боюнча саясатты иштеп чыгат;

8) муниципалдык жер участокторун пайдалануунун тартибин сактоону контролдоо боюнча иштерди мониторинг жана талдоо жүргүзөт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

9) шаар куруу документтерин (Бишкек шаарынын Башкы планын, деталдык пландоо долбоорлорун, өнүктүрүү долбоорлорун, жер пайдалануу жана куруу эрежелерин) иштеп чыгуу боюнча иш аракеттерди уюштурат;

10) муниципалдык аймактарда авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды, жарнама конструкцияларын жайгаштыруунун келечектүү схемаларын иштеп чыгуу процессин координациялайт, ошондой эле аларды натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну контролдоону өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

11) шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн өркүндөтүү боюнча иштерди уюштурат, бул багытта мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

12) Бишкек шаарында көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүгө жана аларды көрсөтүүнүн сапатын баалоого көмөк көрсөтөт.


3.3. Социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


15. Социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттеринин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыздайт;

2) мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды уюштурат жана өткөрөт, мэриянын аппаратынын, мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн практикалык сабактарды өткөрөт;

3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу боюнча мэриянын аппаратынын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жана талдоо жүргүзөт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

4) калкты социалдык коргоону өнүктүрүү, социалдык коргоо тутумун башкаруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча шаардык программаларды иштеп чыгат;

5) ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте шаар калкынын жеңилдик берилген жана аз камсыз болгон категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштерге мониторинг жана талдоо жүргүзөт, жардам көрсөтүү тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

6) Бишкек шаарынын аймагында медициналык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен өз ара аракеттенет;

7) жалпы орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө шаардык программаларды иштеп чыгат, алардын аткарылышына  мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

8) маданият жана искусство жаатында шаардын программаларды иштеп чыгат, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен биргелешкен иш пландарын бекитет жана ишке ашырат;

9) спорт чөйрөсүн өнүктүрүү, жаштар саясаты боюнча шаардык программаларды иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышын мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

10) өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук бирикмелер, коомдук фонддор, балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мекемелери ж.б., чыгармачыл жана кесиптик бирликтер, спорт уюмдары, жаштар бирикмелери менен өз ара аракеттенет;

11) турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы иш-аракеттерге мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

12) гендердик саясат, эне жана бала чөйрөсүндөгү ишке мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

13) шаардык Ардагерлер кеңешинин иш-аракеттерин координациялайт;

14) администрациялык райондор боюнча мэриянын муниципалдык администрациялары менен биргеликте диний билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүүнү, билим берүү тутуму аркылуу балдар жана жаштар арасында терроризмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча иштерди уюштурууну, ошондой эле жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алууну жүзөгө ашырат;

15) диний иш-аракеттер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

16) мэриянын туристтик иш-чараларды (инвестицияларды тартуу маселелери менен байланышпаган) өткөрүүгө өз компетенциясынын чегинде катышуусун уюштурат.


4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары


16. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана секторлор, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын  борбордук аппаратынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой эле ага  жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.

17. Башкармалык жалпы ыйгарым укуктары менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча  Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентине ылайык  жогорку турган органдардын чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарууга;

2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча,мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын,  өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды  өткөрүүгө; 

3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

18. Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчылары башка ыйгарым укуктары менен катар эле:

1) башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин тиешелүү түрдө уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сактоолорун камсыздайт;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;

3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрде жана мэрдин орун басарларында, аппарат жетекчисинде болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;

4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;

         5)  мэриянын аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрүнүн коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.


5. Кызматтык өз ара аракеттенүү


         19. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөрөз иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башкармалык аныкталган милдеттердин, функциялардын жана ыйгарым укуктардын чегинде мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө кураторлук жүргүзөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.