Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жобо

         1. Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы(мындан ары – башкармалык) башкармалыктын  милдеттерине жана функцияларына  киргенмаселелер боюнча Бишкек шаарынын  мэриясынын (мындан ары – мэрия),  Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр),  Бишкек шаарынын  мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары),  Бишкек шаарынын  мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын иш-аракеттерин  камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары –  аппарат)түзүмдүк  бөлүмү болуп саналат.

         2. Башкармалык  өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын  мэриясынын токтомдорун, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

         3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү;

2) уюштуруу иштери бөлүмү; 

3) жарандардын кайрылуулары менен  иштөө боюнча сектор;

4) документтик контролдоо сектору.

Жогоруда аталган бөлүмдөр жана секторлор башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.

4. Башкармалыктын  кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчылар болуп саналат;

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

- ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналат. 

         5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

         6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.

         Башкармалыктын начальнигинин  чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.

         Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги  жок болгон мезгилде кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин  орун басары жок болгон мезгилде башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы инспектор  кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  бөлүм башчысы тарабынан аныкталган башкы адис  кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Жарандардын кайрылуулары менен  иштөө боюнча сектордун башчысы жок болгон мезгилде башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  сектор башчысы тарабынан аныкталган башкы адис  кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Документтик контролдоо секторунун башчысы жок болгон мезгилде башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  сектор башчысы тарабынан аныкталган жетектөөчү адис  кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.


2. Башкармалыктын милдеттери


7. Башкармалык белгиленген компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.


2.1. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн  негизги милдеттери


8. Аппараттын чечимдерин аткарууну  контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана алардын кызмат адамдарынын аткаруу тартибин сактоо деңгээлин контролдоо жана баалоо маселелери боюнча мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин иш-аракеттерин камсыздоо; 

2) Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын,  мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын, анын ичинде  протоколдук тапшырмаларын өз убагында жана толук аткарууну, ошондой эле башка контролдук документтерди талаптагыдай кароону камсыздоо.


2.2. Уюштуруу  иштери бөлүмүнүн негизги милдеттери


9. Уюштуруу  иштери бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) шаардын райондорундагы иштердин жалпы абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, орун алган көйгөйлөрдү аныктоо, мэрге жана мэрдин орун басарларына тиешелүү сунуштарды даярдоо;

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын  ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруу маселелери боюнча мэриянынаймактык жана ведомстволукбөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо;

4) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин чыгууларын, тургундар менен  жолугушууларын уюштуруучулук жактан камсыздоо;

5) мэриянын  коллегияларынын жыйналыштарын,  мэрдин пландуу кеңешмелерин жана аппараттык  кеңешмелерди уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздоо; 

6) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана шаардык иш-чараларды уюштуруучулук жактан камсыздоо;

7) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, муниципалдык аймактык башкармалыктары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;

8) белгиленген компетенциясынын чегинде администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында, муниципалдык аймактык башкармалыктарында кадр саясатын жүргүзүүнү камсыздоо;


9) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо;

10) мэриянын аппаратын материалдык-техникалык камсыздоо жана  мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү.


2.3. Жарандардын кайрылуулары менен  иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери


         10. Жарандардын кайрылуулары менеништөө боюнча сектордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин атына түшкөн жарандардын  кайрылууларын талаптагыдай  кароону камсыздоо;

2) жарандардын  кайрылууларынаткаруу боюнча  маалыматтардын сапатын жана аларды берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоо.


2.4. Документтик контролдоо  секторунун негизги  милдеттери


11. Документтик контролдоо секторунун негизги милдети мыйзамдарга жана мэриянын Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын,  мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын, анын ичинде  протоколдук тапшырмаларын, ошондой эле башка контролдук документтерди аткаруу боюнча маалыматтарды берүү мөөнөттөрүнүн  сакталышынконтролдоо болуп саналат.

3. Башкармалыктын функциялары


12. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук  аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.




3.1. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


         13. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын,  мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, анын ичинде  протоколдук тапшырмаларынын иш жүзүндө өз убагында жана толук аткарылышын, ошондой эле башка контролдук документтердин талаптагыдай каралышын;

- Президенттин Кыргызстандын элине жыл сайын кайрылууларынан келип чыгуучу тапшырмалардын ишке ашырылышын;

- Элдик Курултай тарабынан кабыл алынган сунуштамалардын талаптагыдай каралышын.

2) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө мэрди маалымдайт жана алардын негизинде аткаруу тартибин бузууларды алдын алуу жана аныкталгандарын жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;

3) аппараттагы, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдөгү аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт, мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактарды жана сунуштарды мэрге киргизет;

4) Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмалары, актылары жана чечимдери, мэриянын токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттары жана кайрылуулары, мэриянын жетекчилигинин тапшырмалары, ошондой эле башка контролдук документтер талаптагыдай эмес аткарылган фактыларды,  аныкталган эреже бузууларды жоюу боюнча чараларды кабыл алат;

5) Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын,  мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткарууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чаралардын кабыл алынышы боюнча тийиштүү органдардын жетекчилеринин ишин белгиленген тартипте контролдоону камсыздайт; 

6) аппараттын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн  аткаруу тартиби боюнчамэриянын  коллегиясына  материалдарды даярдайт.


3.2. Уюштуруу иштери бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


14. Уюштуруу иштери бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында  төмөнкүдөй өзгөчө  милдеттерди аткарат:

1) райондор боюнча  кураторлукту жүзөгө ашырат;

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын иш-аракеттерин өркүндөтүү боюнча   тийиштүү сунуштарды мэрге, мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине, башкармалыктын начальнигине белгиленген тартипте киргизет;

3) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү баалоо жана динамикасы боюнча аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдап турат;

4) мэрдин тапшырмасы боюнча администрациялык райондордун башчыларын, алардын орун басарларын,  муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларын жана алардын орун басарларын тийиштүү кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу менен байланышкан маселелерди координациялайт; 

5) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону, референдумдарды өткөрүүнүдаярдоо жана уюштуруу боюнча мэриянын тийиштүү аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрүнүн иштерин бөлүмдүн компетенциясынын чегинде координациялайт; 

6) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин жумушчу сапарларына байланыштуу иш-чараларды уюштурат; 

7) райондор жана баруу объекттери боюнча программаларды, аналитикалык материалдарды даярдайт;

8) Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлгөн мамлекеттик иш-чараларды жана шаардык иш-чараларды өткөрүүдө сценарийлерди иштеп чыгууну уюштурат, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин координациялайт; 

9) администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын карайт; 

10) Элдик Курултай  менен өз ара аракеттенүү боюнча  зарылиш-чараларды даярдоону уюштурат;

11) мэриянын иш-аракеттерин материалдык-техникалык камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  мамлекеттик сатып алууларды уюштурат жана өткөрөт; 

12) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын  токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат, аппаратта жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;

13) зарыл болгон учурда  администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын иш-аракеттерининспектирлөөнү жүзөгө ашырат;

14) аскер комиссариаттары, аскер комендатурасы,аскер бөлүктөрү жана башкааскер  органдары жана уюмдары менен мэриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча,   анын ичинде жарандарды  Кыргыз Республикасынын  Куралдуу күчтөрүнө аскер кызматына чакырууну  өткөрүү маселелери боюнча  өз арааракеттенет.


3.3. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча  сектордун өзгөчө  функциясы


         15. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча  сектор төмөнкүдөй өзгөчө  функцияларды аткарат:

1) жогорку органдардан түшкөн, мэрге жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине даректелген жарандардын кайрылууларын кароону жана эсепке алууну уюштурат;

2) чечүү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын аппараттын башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө, секторлоруна, мэриянын аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрүнө таандыктыгы боюнча кароого жөнөтөт, алардын талаптагыдай каралышын контролдойт, зарыл болгон учурда жарандардын кайрылууларын кароонун жакындап калган мөөнөттөрү жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтөт;

3) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин дарегине келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат, талдайт;

4) жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактар жана сунуштар менен аппараттагы,  мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндөгү аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт жана мэрге киргизет;

5) аныкталган мыйзам бузууларды, жарандардын кайрылууларын талаптагыдай эмес кароо фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;

6) жарандардын кайрылууларын аппараттын кызматкерлери менен салыштырып текшерүүнү, жарандардын кайрылууларын кароонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

7) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт.


3.4. Документтик контролдоо секторунун өзгөчө функциялары 


16. Документтик контролдоо сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) актыларды, тапшырмаларды, документтерди  контролго коюу;

2) контролго коюлган  актыларды, тапшырмаларды, документтерди эсепке алуу;

3) мыйзамдарга жана мэриянын Регламентине ылайык тийиштүү аппараттын бөлүмдөрү, мэриянын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан  актыларга, тапшырмаларга, документтерге жооптордун  берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, зарыл болгон учурда  кароо мөөнөтү жакындагандыгы жөнүндө  эскертүү жөнөтөт; 

4) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча контролдук документтерди кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;

5) контролдук документтерди аппараттын кызматкерлери менен салыштырып текшерүүнү, контролдук документтерди кароонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.


4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары


17. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана секторлор,башкармалыктын  жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынынборбордук аппаратынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой элеага жүктөлгөн  милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн  зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлөгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.

18. Башкармалык  төмөнкүдөй өзгөчө ыйгарым  укуктарга ээ:

1) мэриянын аймактык жана  ведомстволукбөлүмдөрүндө текшерүүлөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын,  мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоо боюнча  иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө.

2) мэрдин тапшырмасы боюнча мэриянын аймактык жана  ведомстволук  бөлүмдөрүндө кызматтык териштирүүлөрдү жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын, жарандардын кайрылууларын,башка контролдук документтерди аткарууну контролдоону жүзөгө ашыруу максатында аппараттын, мэриянын аймактык жанаведомстволук  бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөөгө; 

4) зарыл болгон учурда мэриянын аймактык жана  ведомстволук  бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызмат адамдарын оозеки угууга жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылууга;

5) суралган маалыматты өз учурунда бербегендиги, контролдук документтерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мэриянын аймактык жана  ведомстволук  бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте мэрге киргизүүгө;

6) талаптагыдай эмес аткаруучулук тартиби, ошондой эле кызматтык туура эмес жорук жасагандыгы үчүн мэриянын аймактык жана  ведомстволук  бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү, бошотуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте мэрге киргизүүгө;

7) мэриянын аймактык жана  ведомстволукбөлүмдөрүнүн кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;

8) мэриянын аймактык жана  ведомстволукбөлүмдөрүнүн коллегияларынын жыйналыштарына катышууга; 

9) мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин тапшырмаларын ишке ашыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу, башка контролдук документтерди кароо боюнча мэриянын аймактык жанаведомстволук  бөлүмдөрүнө, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;

10) жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө,  мэриянын аймактык жана  ведомстволукбөлүмдөрүнө белгиленген тартипте кайтарууга; 

11) кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жерине баруу менен айрым арыздарга текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга;

12) жарандардан келип түшкөн кайрылууларды аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө,мэриянын аймактык жанаведомстволук  бөлүмдөрүнө жөнөтүүгө, аларды кароонун жүрүшүн жана аларга жооптордун жөнөтүлүшүн көзөмөлдөөгө.

19. Башкармалыктын начальниги башка ыйгарым укуктары менен катар эле:

1) Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын  Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарынын жана кайрылууларынын, жарандардын кайрылууларынын,  башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;

2) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрде, мэрдин орун басарларында жана аппарат жетекчисинде болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;

3) мэр тарабынан дайындалуучу мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарына карата тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө мэрге сунуш киргизет;

4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;

5) мэриянын аймактык жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.

20. Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишинин талаптагыдай уюштурулушун жана кызматтык тартиптин сакталышын камсыздайт;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдук документтерди кароону контролдоону уюштурат;

3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрдин, мэрдин орун басарларынын жана аппарат жетекчисинин оперативдүү кеңешмелеринде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;

4) мэриянын аппаратында, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө контролдук документтердин аткарылышынын абалы жөнүндө отчётторду белгиленген форма боюнча жума сайын жана квартал сайын түзүүнү, сандык жана сапаттык талдоону уюштурат;

5) башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;

6) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалым каттарды түзөт;

7) башкармалыктын начальниги тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

8) мэриянын аймактык жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу. 

21. Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы, башка ыйгарым укуктар менен бирге:

1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, мэриянын токтомдорун жана тескемелерин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын каттарын жана кайрылууларын, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдук документтерди кароону контролдоону уюштурат;

3) шаардын администрациялык райондору боюнча муниципалдык администрациялардын коллегияларынын жыйындарына катышат же бөлүмдүн кызматкерлерин катышуу үчүн жөнөтөт;

4) башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;

5) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалым каттарды түзөт;

6) башкармалыктын начальниги тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

22. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар жарандардын кайрылууларында белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жөнөтүлүүчү коштомо каттарга кол тамга коёт.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү 


23. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр жана секторлор башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат,  башкармалыктын  белгиленген милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө кураторлук жүргүзөт,  министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор,  башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.