Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын чечимдерди  даярдоо боюнча  башкармалыгы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жобо

         1. Чечимдерди  даярдоо боюнча башкармалык (мындан ары – башкармалык) башкармалыктынмилдеттерине жана функцияларынакирген  маселелер боюнча Бишкек шаарынын  мэриясынын (мындан ары – мэрия),  Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр),  Бишкек шаарынын  мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары),  Бишкек шаарынын  мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси), Бишкек шаарынынмэриясынын аппаратынын  иш-аракеттерин  камсыздаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат)түзүмдүк  бөлүмү болуп саналат.

         2. Башкармалык  өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынынмэриясынын токтомдорун, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

         3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмү;

2) муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмү;

3) укуктук иштер бөлүмү. 

Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүкбөлүмдөр (башкармалыктын бөлүмдөрү) болуп саналат.

4. Башкармалыктын  кызматкерлери:

- муниципалдык кызматчылар болуп саналат;

- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын  мэриясынын токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

- ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналат. 

         5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

         6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.

         Башкармалыктын начальнигинин  чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.

         Бөлүм башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жок болгон учурда анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен анын милдетин аткарат.

         Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмүнүн, укуктук иштер бөлүмүнүн,  муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы жок мезгилде анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча  бөлүм башчысы тарабынан аныкталган бөлүмдүн  башкы адиси  кызматтык документтерге кол тамга коюу укугу менен аткарат.


2. Башкармалыктын милдеттери


7. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.


2.1. Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмүнүн  негизги милдеттери


         8. Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ченемдик укуктук актылардын,  мэриянынтоктомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун (өнүктүрүү программаларын, тармактык багыттагы стратегияларды, концепцияларды жана программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча пландарды, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актыларды кошпогондо) төмөнкү маселелер боюнча даярдоону камсыздоо:

- финансыларды башкаруу, Бишкек шаарынын бюджетин түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө;

- муниципалдык сатып алуулар;

- Бишкек шаарынын аймактарын көрктөндүрүү жана күтүү эрежелерин, санитардык-экологиялык ченемдерди сактоо;

- донордук жана гранттык жардам, муниципалдык карызды башкаруу; 

- жол-транспорттук комплексти жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдө техникалык регламенттерди сактоо;

- жол кыймылын жөнгө салуу (светофордук объекттер, жол белгилери, жол чийин белгилери);

- шаардык коомдук транспорт системасы; 

- шаардын муктаждыктары үчүн социалдык жана өндүрүштүк багыттагы турак жай жана турак жай эмес  объекттерди куруу жана реконструкциялоо, автомобиль жолдорун жана  шаардык инфратүзүм объекттерин куруу жана  реконструкциялоо;

- маалыматтык технологиялар  жана мэрияны санариптештирүү;

- шаардык аймакты  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо;

- катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү;

- материалдык резерв;

- экономика, туризм, статистика, ички соода жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;

- суу жабдуу жана суу агызып чыгаруу, ирригациялык инфратүзүм;

- отун-энергетикалык комплекс жана экологиялык коопсуздук;

- көчө жарыктандыруусу;

- коммуналдык реформа, калкты коммуналдык тейлөө, муниципалдык лифт чарбасы;

- архитектура жана шаар куруу, курулуш комплекси, анын ичинде турак жай курулушу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө контролдоо (көзөмөлдөө);

- социалдык коргоо; 

- мектепке чейинки жана мектептик билим берүү;

- маданият, искусство, дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты;

- шаар калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы;

- ветеринария;

- гендердик саясат, эне жана бала;

- миграция жана шаар калкын иш менен камсыздоо чөйрөсү;

- муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү башкаруу жана аны пайдалануу;

- жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторуна  укуктар;

- Бишкек шаарынын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшү;

- автотоктотмолорду жана авто коюу жайларын өнүктүрүү, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу;

- калкка аза кызматтарын көрсөтүү;

- калкты Жарандык коргоо чөйрөсү.

2) жогоруда аталган чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактыларынын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорунун,  башка актылардын стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо.


2.2. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн  негизги милдеттери


      9. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн  негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэрдин иш-аракеттерин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан төмөнкү маселелер боюнча камсыздоо:

- мэрдин кадрдык чечимдер боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо;

- белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык аппараттын кадрдык курамын түзүү, аппараттын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

- аппаратта кадрдык процесстерди документтик жактан камсыздоо;

- мэриянын кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;

- аппараттын оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, аппараттын башкармалыктарынын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү; 

- аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрдүн түзүмдөрүн түзүү жана бекитүү;

- аппаратта, аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрдө штаттык сандын чегин калыптандыруу;

- мэриянын Ардак грамотасы,  башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен сыйлоого байланышкан мэрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо;

2) жогоруда аталган чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактыларынын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорунун,  башка актылардын стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыздоо.


2.3. Укуктук иштер бөлүмүнүн негизги милдеттери 


10. Укуктук иштер бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аппараттын, мэрдин жана мэрдин орун басарларынын, аппарат жетекчисинин иш-аракеттерин укуктук камсыздоо;

2) мэрия, мэр жана мэрдин орун басарлары, аппарат жетекчиси тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге укуктук талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) шайкештигин камсыздоо;

3) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын ченем жаратуучу иш-аракеттерин өркүндөтүү;

4) мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, токтомдорунун жана тескемелерининдолбоорлоруна  укуктук  экспертиза жүргүзүү;

5) мэриянын ченемдик укуктук актыларынын, токтомдорунун жана тескемелерининдолбоорлорун, келишимдерди, процессуалдык документтерди, ошондой эле   мэрия иштеп чыккан  юридикалык мүнөздөгү башка  документтерди иштеп чыгууга катышуу;

6) мэриянын  аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн  юридикалык кызматтарынын иш-аракеттерин талдоо,  алардын иш-аракеттерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү. 

7) мэрияга түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, башка документтерди кароо жана  алар боюнчакорутундуларды берүү.


3. Башкармалыктын функциялары


11. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.

Башкармалык Бишкек шаарынын мэрин комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоону камсыздайт. 


3.1. Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


12. Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорунун, башка актылардын мэр аныктаган мэриянын саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;

- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат;

- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун аппаратта жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;

- бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин мазмунуна чечмелөөнү (түшүндүрмөсүн) даярдоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мэриянын токтомдорун жана тескемелерин даярдоо боюнча мэриянын  аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт. 


3.2. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


13. Муниципалдык кызмат жана адам ресурстары бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) төмөнкү маселелер боюнча иш-аракеттерди координациялоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу иштерин жүзөгө ашырат:

- муниципалдык кызмат жана кадр саясаты  чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү;

- кадрлардын муниципалдык  резервин түзүү жана иштетүү;

- муниципалдык кызматчыларды  даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык санынын чегин белгилөө.

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аппаратка белгиленген тартипте киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорунун, башка актылардын мэр аныктаган мэриянын саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген төмөнкү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, аппаратта жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат:

- мэр жана анын орун басарлары ортосунда  милдеттерди бөлүштүрүү;

- аппараттын, мэриянын аймактык жана ведомстволук  бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү;

4) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт; 

5) тиешелүү жылга муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыкты бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;  

6) мэрдин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;

7) мэрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер (кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу, тартиптик жаза чараларын колдонуу, өргүү жөнүндө, иш сапарлар тууралуу, кадрдык башка маселелер), бөлүмдүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча чечимдерди даярдайт жана жол-жоболоштуруп коштоону жүзөгө ашырат;

8) аппаратта  анын ичинде "е-Кызмат" автоматташтырылган системасы аркылуу кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде:

- аппараттын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;

- аппараттын кызматкерлерине иш сапарынын күбөлүктөрүн тариздейт;

- аппараттын кызматкерлеринин ооруу барактарын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;

- аппараттын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;

- аппараттын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;

- аппараттын кызматкерлерине, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалымкат-объективкаларды тариздейт;

- аппараттын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;

- аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле мэрдин номенклатурасындагы башка адамдардын өздүк иштерин жүргүзөт;

- аппараттын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыздайт;

- аппараттын  кызматкерлерине маалым каттарды берет;

9) мэриянын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча  аппаратта эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;

10) мэрдин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мэриядагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;

11) мэрдин кароосуна класстык чендерди ыйгарууга талапкер мамлекеттик кызматчылар боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат; 

12) зарыл болгон учурда муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жер-жерлерде мэриянын аймактык жана ведомстволукбөлүмдөрүнүн кадрдык кызматтары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт:

13) мэриянын Ардак грамотасы, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен сыйлоого байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;

14) Сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыздайт, Комиссиянын жыйналыштарын уюштурат жана анын толук кандуу жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыздайт;

15) кызматчыларды аттестациядан өткөрүүнү уюштурат;

16) карьералык пландоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырат;

17) мэрдин номенклатурасына кирген муниципалдык кызматчыларды ротациялоо планын  даярдоону жүзөгө ашырат;

18) аппараттын бөлүм башчыларынын  сунуштары боюнча  кызматкерлердин эмгек өргүүлөрүнүн графигин, мэриянын  аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн  жетекчилеринин  өргүүлөрүнүн графигин түзөт, ошондой эле  аларды жетекчиликке бекитүүгө  киргизет жанаалардын аткарылышын контролдойт;

19) кызматкерлердин, ошондой эле мэрдин номенклатурасына кирген башка  адамдардын кызматтык күбөлүктөрүн тариздейт жанаэсепке алууну жүргүзөт; 

20) ЖОЖдордун студенттеринин практикасын өткөрүүнү уюштурат.


3.2. Укуктук иштер бөлүмүнүн өзгөчө функциялары


14. Укуктук иштер бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) мэриянын токтомдоруна жана тескемелерине, келишимдерге, процессуалдык документтерге, ошондой эле мэрге кол тамга коюуга киргизилүүчү юридикалык мүнөздөгү башка документтерге укуктук жактан экспертиза жүргүзөт; 

2) тейлеген багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди аппаратта жол-жоболоштуруп коштойт;

3) мэриянын мүлктүк жана башка мыйзамдуу  укуктарын жана кызыкчылыктарын  укуктук каражаттар  менен коргоону жүзөгө ашырат;

4) аппараттын бөлүмдөрү менен бирге мэриянын ченем жаратуучу иш-аракеттеринин келечектүү жана  учурдагы пландарын иштеп чыгууга, ал пландарды  ишке ашырууга катышат, алардын аткарылышын контролдойт;

5) мэриянын  кызматкерлеринин укуктук  билимдерин жогорулатуу  боюнчаиш-чараларды өткөрүүгө, мэрияда укуктукпропагандалоо боюнча  иш-чараларды иштеп чыгууга жана  ишке ашырууга,  укуктук окутууларды  уюштурууга,мэриянын юридикалык кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;

         6) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүндө  укуктук иштерди уюштурууну уюштуруучулук-усулдук жетектөөнү,  анын ичиндекелишимдерди түзүүнүн жана аткаруунун, доомат жана доо  иштерин жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу, мэрияга коюлган  талаптарды  кароонун тартиби, өз убагында каралышы жана сапаты,  укуктук иштин башка багыттарындагы маселелер  боюнча текшерүүнү жүзөгө ашырат;

         7) тийиштүү соттук териштирүүгө алып келген  негизги себептерди жана шарттарды аныктоо максатындамэриянын катышуусу менен талаштар боюнча доо ишинин, соттук практиканын абалын талдоо  жүргүзөт; аларды жоюу, күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуубоюнча  сунуштарды киргизет, ошондой эле    бөлүмгө жүктөлгөн  милдеттердин негизинде башка функцияларды ишке ашырат;

8) мэриянын чечимдерин жарыялоо үчүн  ««Токтом» маалыматтык борбору» жоопкерчилиги чектелген коомуна жөнөтүүнү камсыздайт;

9) ченем жаратуу иш-аракеттерин өркүндөтүү маселелери боюнча мэрдин, мэрдин орун басарларынын жана аппарат жетекчисинин иштерин маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик-болжолдоо менен камсыздоону жүзөгө ашырат;

10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге шаарды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну жана мэрдин, мэрдин орун басарларынын жана аппарат жетекчисинин чечимдерин аткарууну камсыздоону жүзөгө ашырат.


4. Башкармалыктын  ыйгарым укуктары


15. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын  борбордук аппаратынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ, ошондой эле ага жүктөлгөнмилдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн  зарыл болгон,башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.

Башкармалык  жалпы ыйгарым укуктар менен катар төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча  Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;

2) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

16. Башкармалыктын начальниги, бөлүмдөрдүн башчылары башка ыйгарым укуктар менен катар:

1) башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин тиешелүү түрдө уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сактоолорун камсыздайт;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин тапшырмаларынын, актыларынын жана чечимдеринин, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин,мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана фракцияларынын, каттарынын жана кайрылууларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;

3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, мэрде жана мэрдин орун басарларында, аппарат жетекчисинде болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;

4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;

5) мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн  коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.


5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү


17. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-аракеттерин аппараттын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат,  башкармалыктын  белгиленген милдеттеринин, функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө кураторлук жүргүзөт,министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор,  башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.   

18.Чечимдерди даярдоо жана экспертиза бөлүмү ченемдик укуктук актылардын, мэриянын токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорундаярдоо жана илгерилетүү бөлүгүндө төмөнкүлөрдүн иш-аракеттерин координациялайт (стратегиялык пландоо маселелеринен тышкары):

- администрациялык райондор боюнча мэриянын муниципалдык администрациялары;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынКөрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынЖеке турак жай курулушу жана  шаар куруу департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынМуниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынЖер пайдаланууну контролдообоюнча башкармалыгы;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынТранспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынКапиталдык курулуш башкармалыгы;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынДене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынБилим берүү департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынСоциалдык өнүктүрүү департаменти;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынМаданият башкармалыгы;

- Бишкек шаарынын  мэриясынынШаардык саламаттык сактоо башкармалыгы;

- Бишкек шаарынын  мэриясынын«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы;

- «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы;

- «Тазалык» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы;

- «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкекплан» долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы;

- «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы;

Бишкек шаарынынмэриясынын  Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматы.