Калаада тамыр системасы жабык чоӊ өлчөмдүү көчөттөрдү отургузуу иштери башталды.

Отургузуу иштерине шаар тургундары катышып,  Токомбаев көчөсү 12-кичи районунан Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин 80 көчөт отургузушту. Аталган жерге 600 тамыр системасы жабык өлчөмдүү көчөт жана 300 бадал отургузуу пландалууда.


Ошондой эле шаар тургундары Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин өлчөмдүү көчөттөрдү отургузууга катышты. «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын планына ылайык, аталган көчөгө 220 бак жана 60 бадал отургузулат.


Шаар тургундары көчөттөрдү отургузууга жигердүү катышып, көчөттөрдү туура отургузуу боюнча маалыматтарды алышты. «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Ал эми ишкананын агрономдору бактарды кантип туура отургузуу керектигин көрсөтүп, айтып беришти.


Белгилей кетсек, тамыр системасы жабык көчөттөрдү массалык отургузуу Кыргызстанда биринчи жолу  өткөрүлүп жатат.


Тамыр системасы жабык чоӊ өлчөмдүү көчөттөрдү отургузуу иштери октябрь айынын ортосуна чейин жүргүзүлөт. Киев көчөсүнө -149, Панфилов көчөсүнө -80, Логвиненко көчөсүнө -68 өлчөмдүү көчөттөрдү отургузуу пландалууда. Жалпысынан Бишкек шаарына тамыр системасы жабык 3 миӊ 855 бак отургузулат.