Биринчи май акимиатында Бишкек шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча мэриянын коллегиясы өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын премьер –министри  Мухаммедкалый Абылгазиев, мэр Азиз Суракматов жана шаардык Кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун катышуусу менен өткөрүлдү.

Ошондой эле, коллегияга  баш калаанын вице-мэрлери, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана шаар кызматтарынын жетекчилери катышты.

Мэр А.Суракматов 2018-жылдын көрсөткүчтөрү менен тааныштырып өтүп, жаңы структура боюнча маалымат берди.  Өткөн жылдын иштери боюнча кененирээк маалыматты Бишкек шаарынын биринчи вице- мэри Алмаз Бакетаев берди.  Докладда экономика, траспорт жана инфраструктура маселелери айтылган. Вице-мэрдин айтымында 2018- жылы Бишкек шаарында экономиканын өсүшү байкалып, өндүрүштүн 15 тармагынын ичинен индекс көлөмү  9 багыт боюнча жогорулаган.

Коллегияда вице-премьер М.Абылгазиев  инфраструктура багыты боюнча бир нече сунушун айтты. Өз кезегинде калаа башчысы бул сунуштар эске алынаарын белгилеп, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу жана муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу боюнча иштер уланаарын билдирди.   2019-жылы негизги көңүл экология, баш калааны жашылдандыруу, коомдук траспортту өнүктүрүү, балдар бакчалары менен  мектептердин кубаттуулугун күчөтүүгө  бурулат.  

Бишкек – сүйүктүү шаарым!