«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын таалыкпас эмгеги менен шаарыбызга көрк кошулуп ажары ачылууда. Учурда шаарга  2 млн. 167 мин 369 гүл отургузулган, алар: сальвия, тагетес, агератум, львиный зев, алиссум, катарантус, колеус, цинерария, седум ж.б. сорттор.  Алдыда жаңы клумбаларга оорундар даярдаланып «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери менен ландшафтык дизайнерлер биргеликте эскиздери даярдап жатышат.

Урматтуу шаар тургундары жана шаар меймандары, борбор калаабыздын  көркүнө көрк кошкон гүлдөргө аярлуу мамиле кылууңарды  өтүнөбүз. Ар бир гүлдө маңдай тер, зор эмгек жана акча каражат жатканын унутпасаңыздар.

Эгер сиз гүлдөрдү уурдап же талкалап жаткан учурга күбө болсоңуз (0312)375330, (0709) 399977 же Шаардык ички иштер башкармалыгынын WhatsAppканалына чыгып маалымат бере аласыз.