16-июлда, вице-мэрлер Татьяна Кузнецова жана Уланбек Азыгалиев титулдук тизмеге ылайык ондоо иштери жүрүп жаткан билим берүү объектилери боюнча кыдырышты.

Текшерүү 4 объектте жүргүзүлдү: №9-, 70-, 69- окутуу-тарбия комплекстери, №56 орто мектеби жана №117- балдар бакчасы.

Вице-мэрлер тарабынан айтылган пикирлердин арасында №9 окутуу-тарбия комплексинде мектеп имаратынын фасадын жана чатырын оңдоо иштеринде жаандын суусу агып турган түтүктөр эске алныган эмес.  Уланбек Азыгалиев подряддык уюмга жана капиталдык курулуш башкармалыгына бул кемчиликтерди эске алуу менен, оңдоо тапшырмасын берди.

№70  окутуу-тарбия комплексинде подрядчик – ОсОО «Техносмарт Сервис», ремонт иштери өз убагында бүтөөрүн ишендирип кетти.  Бирок, тамак-аш жасоочу жайдын кээ бир жерлеринде туура эмеса чапталган кафель табылган.  Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл кызматына текшерүү иштерн жүргүзүп, катачылыктарды жоюуу тапшырмасы берилген.  

№69 окутуу-тарбия комплексинде дагы тамак-аш жасоочу жайын оңдолуп жаткан кези. Мындан тышкары, кошумча билим берүу кызматтарынын түшкөн каражаттын жардамы менен мектеп имаратынын сырты оңдолууда. №56 –орто мектептин оңдоо иштерин текшерип жатып, санитардык түйүндөрдүн сапатын, дааратканаларда орнотулган эшиктердин кууштугун белгилеп, мындай шалаакылыкты подряддык компанияны өз каражатына оңдоо тапшырмасын берди.

№117-балдар бакчасында жүрүп жаткан жылуулук берүү системасын оңдоо иштери дагы текшерилди. Ремонт иштерин жүргүзүп жаткан ишканага карата эчкандай сын-пикирлер айтылган жок, мындан тушкары компания оңдоо иштерин мөөнөтүнөн мурда тапшыраарын билдирди.

Оңдолуп жаткан объектилерди ишке киргизүү алдында дагы бир жолу текшерүү комиссиясы карап чыгат.

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз