Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик тили күнүнө арналган шаардык майрамдык салтанат ѳткѳрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлѳбаев шаар мэри Азиз Суракматовдун куттуктоосун окуп, мамлекеттик тилдин ѳркүндѳшүнѳ тилектеш экендигин билдирди.

«Урматтуу иш-чаранын катышуучулары! Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз тили – кыргыз элибиздин улуттук тили жана ата-бабалардан калган улуу мурасыбыз болуп саналат. Мамлекеттик тилибизди, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, рухий  дөөлөттөрүбүздү улуу урпактардан калган ыйык мурас катары бекем сактап, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп беришибиз керек.

Албетте, азыркы илим менен техника өнүгүп, ааламдашуу мезгили болуп турганда жаштарыбыздын көп тилди билишин каалайбыз. Бирок, биринчи кезекте өз эне тилин билүү керек, андан соң, башка тилдерде сүйлөп, заман талыбына ылайык билимдерге ээ болушу керек.

Эгемен Кыргыз Республикабыздын мамлекеттик тили – кыргыз тилибиз кең өлкөбүздө жашаган көп улуттун өкүлдөрүн бириктирген ынтымак жана достуктун тили болсун!

Өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, анын коомдук турмушта кеңири колдонулушуна өз салымыбызды кошолу.  

Мекенибизде тынчтык болуп, улуу “Манас” эпосун жараткан бай кыргыз тилибиздин – мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун!»,-деди Балбак Түлѳбаев.

Шаардык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы КМПУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун, райондук администрациялардын, мектепке чейинки жана жалпы  билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү,  шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери, мекеме-уюмдардын мамлекеттик тил боюнча адистери, мугалимдер жана тарбиячылар,  эмгек ардагерлери ж.б. меймандар катышышты.

Майрамдык иш-чаранын пролог бөлүгүндө сахналаштыруу болуп, расмий бөлүктө майрамдык куттуктоо сөздөрү айтылып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга салым кошуп жаткан шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектепке чейинки  жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкыларга сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Бишкек шаарыбызды кантип өнүктүрөбүз? деген темада жазылган дилбаяндар сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар тапшырылып, иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.