Борбор калаанын "Касым" конушунда пилоттук долбоордун алкагында №1 бала бакчада кошумча 180 орун ачылды.

Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева, ошондой эле Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өлкөдө өсүп келе жаткан муундун билим жана тарбиясына чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Учурда Бишкек шаарында 94 муниципалдык бала бакча бар, аларда 25 миң 408 бала тарбияланууда. Дагы 28 миң 494 бала кезекте турат.

Долбоор Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Министрлер Кабинети жана Аймактарды өнүктүрүү фонду менен биргеликте ишке ашырылган.

Долбоордун аркасында кошумча 6 тайпа ачылып, дагы 180 бала бакчага бара баштады. Ошентип, бүгүнкү күндө 450 бала аталган  бакчага барат.

Пилоттук долбоорго ылайык, жарактуу аянттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жылуучу керебеттер колдонулат, бул балдардын оюндары жана сабактары үчүн кошумча бош мейкиндикти түзөт. Бул чечим бала бакчанын чектелген аянтын эң натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул демилге балдардын уктоочу бөлмөсү эс алуу үчүн гана эмес, окуу жана ойноо үчүн да пайдаланылганы менен өзгөчөлөнөт.