Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча 2008-2009-жылдары туулган уландар жана кыздар арасында ачык турнир өттү.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Талайбек Масабиров жана Эльвира Сурабалдиева катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 13-14-декабрь аралыгында "Газпром-Балдар" спорттук-эс алуу борборунда 350 спортчунун катышуусунда өттү.

Турнирдин жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

30 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Рахатбекова Жамиля;
2-орун – Нурайым Шамшибекова;
3-орун – Амина Махаматова;
3-орун – Айгерим Ниязбекова.

33 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Айнуска Алмасбекова;
2-орун – Айбийке Сатыгулова;
3-орун – Каныкей Үсөнбаева;
3-орун – Виктория Маркина.

36 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Кадыралиева Найма;
2-орун – Мадина Махаматова;
3-орун – Каныкей Аргимбаева;
3-орун – Аруке Талантбекова.

Турнирдин максаты Кыргызстандын калкынын арасында дзюдону өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана КР Дзюдо федерациясы уюштурду.