Борбор калаадагы №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Нооруз майрамын белгилөөгө арналган иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында “топ таш”, “ордо”, “тогуз коргоол”, “жолук таштамай”, “кол күрөш”, “таяк тартыш”, “күрөш” улуттук оюндары, ошондой эле сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.

Мектеп окуучулары улуттук оюндарга кубануу менен катышып, «тушоо кесүү» салтына  күбө болушту.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Максаты – өсүп келе жаткан муундарга улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды, үй-бүлөнүн жана достуктун баалуулугун үйрөтүү.

Мындан сырткары мектеп окуучулары активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.