Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембилик өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Ата-Түрк паркын борбордук аппараттын жана төрт райондун кызматкерлери тазалышты.

Ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери борборду бекитип берилген участоктордо тазалоого өз салымдарын кошушту.

Ишембиликке жалпысынан 20 миңден ашуун адам, 650дөн ашык уюм катышты.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын 50дөн ашык атайын техникасы тартылган.

Түшкө чейин 83 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда.

Ишембиликке шаардын бардык төрт районунда райондун жашоочулары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, райондун бардык кызматтарынын кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбалык субъекттер активдүү катышышты.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаардыктарды борборду тазалоого активдүү катышууга чакырат.

Биргеликте биз сүйүктүү шаарыбызды таза, эстетикалык жагымдуу жана маданияттуу кылабыз!