Тоголок Молдо көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан «Спартак» стадионунун кичи аренасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик Институтунун чакан аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда экендиги жөнүндө техникалык корутундусу бар.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын алдын ала долбоорун иштеп чыгышты. Долбоордо спорт залдары, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка жайлар каралган.

Жакында жаңы кичи аренасынын курулушу башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин жер  пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы кичи аренанын аймагындагы объектилерди - "Арзу" жана "Тайм аут" кафелерин демонтаждаган. Кафе ээлерине эскертүү берилип, алар түшүнүү менен мамиле кылып, алуу иштерине жардам беришкен. Бошотулган аймактын ордунда жашыл зоналар калыбына келтирилет.