Бүгүн, 2024-жылдын 26-апрелинде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль АЭСиндеги авариянын 38 жылдыгына арналган жыйын-реквием өттү.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Мирланбек Байгончоков, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкандар жана алардын жесирлери катышты.

«Учурда Бишкекте Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан 200дөн ашык катышуучулар жана алардын жесирлери жашайт. Борбор калаанын мэриясы жана райондук администрациялар жашоо шарттарын жакшыртуу жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү аракеттерин уланта бермекчи. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалайм. Туугандары, достору жана санаалаштары бул кырсыктан мезгилсиз каза болгондорго таазим этип, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деп белгиледи Мирланбек Байгончоков.

Курман болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жана үч ок атылды.

Митинг-реквиемдин аягында иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл коюшту.

Маалымдама: 2024-жылдын 1-мартына карата Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү органдарында 235 адам каттоодо турат, анын ичинен жесирлер – 62, Чернобыль АЭСинин майыптары – 158, Чернобыль АЭСинин катышуучулары – 15. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык,   37 адамдын, анын ичинде Чернобыль АЭСинин жесирлери – 14 адамдын, Чернобыль АЭСинин майыптары – 21 адамдын, катышуучулардын – 2 адамдын жеке делолору өткөрүлүп берилди.