Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги эртең менен калааны кыдырып, текшерүүнү улантууда. Бул жолу Биринчи май районун кыдырышты.

Мэрдин орун басарлары Жыргалбек Шамыралиев жана Азамат Кадыров шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбордун инфраструктурасын жакшыртуу жана районду көрктөндүрүү маселелерин жеринен көрүп чыгышты.

Текшерүү Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, санитардык абалды, ирригациялык тутумду реконструкциялоо маселелерин көзөмөлгө алышты. Жол боюн көрктөндүрүү, дүкөн-күркөлөрдүн курулуш эрежелерин бузуп,  муниципалдык аймакка чыгып кеткен учурларын карашты.

“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасына райондогу арыктарды тазалоо тапшырылды.

Автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жууп-тазалган пункттары жок курулуш объектилеринин жоопкерчилигин кароо  Муниципалдык инспекцияга милдеттендирди.

Жол боюна курулуш материалдарын калтырып койгон курулуш ишканасына "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине" ылайык чара көрүү тапшырылды.

Ирригациялык тутумду калыбына келтирүү, тротуар куруу, жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүнү талап кылган айрым тилкелер белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жатаканасынын имаратынын сыртын иретке келтирүү боюнча окуу жайдын администрациясы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгиленди.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына имараттардын фасаддык бөлүктөрүнүн долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Жарнама конструкциялары демонтаждалгандан кийин калып калган бөлүктөрү тазаланышы керектигин белгилешти.  

Кыдыруу маалында Абдрахманов жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн бордюрларын сырдоо, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө жана көпүрөлөрдүн астындагы жарыктандырууну жакшыртуу зарылчылыгы айтылды.

Мындай таңкы кыдуруу менен шаар жетекчилиги борбордун инфратүзүмүн жакшыртып, коопсуздукту жогорулатып, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн жагымдуу шарт түзүүнү көздөп жатат.