Бүгүн, 6-майда Президент Садыр Жапаровдун онлайн форматта катышуусунда өлкө боюнча 9 мектеп жана 2 бала бакча  ачылды.

Иш-чаранын алкагында Төмөнкү Ала-Арча орто мектебине кошумча окуу корпусу ачылды. Мамлекет башчы видеоконференция аркылуу салтанаттуу сөз сүйлөдү.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева жана Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов катышты.

Мектептин долбоордук кубаттуулугу 375 окуучуга ылайыкталган.

Мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан турат, анда 18 окуу кабинети жана заманбап ашканасы каралган.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Төмөнкү Ала-Арча айылы Бишкек шаарына кошулган.