Борбордук «Ала-Тоо» аянтында 10-декабрда ѳлкѳнүн башкы балатысын жандыруу иш-чарасы ѳткѳрүлдү.

Калаа башчысы Азиз Суракматов шаар тургундарын жана конокторун келе жаткан жаңы 2019-жыл менен куттуктады.

«Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Сиздерди келе жаткан Жаӊы 2019-жылыӊыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн  куттуктайм! Биз бүгүн жаңы жылдын символу болгон өлкөнүн башкы балатысын  жандырабыз.  Эски жылдын  аяктарына саналуу гана күндөр калды. Бул жыл биз үчүн жакшылыктын жана ийгиликтин жылдарынан болду. Келе жаткан жыл бардыгыбызга жакшылыкты, ийгиликти жана ынтымакты алып келсин!  Баарыңыздарды келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге үйбүлөлүк бакыт, бекем ден соолук, ачык асман жана жакшылыктарды каалайм! Келе жаткан жаӊы жылыӊыздар менен! Кыялдар орнудалсын!»,-деп куттуктады мэр.

Бардык шаар тургундарын Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Жаныбек Абиров дагы куттуктап, бекем ден соолук, ийгиликтерди каалады.

Балатыны жандыруунун алдында шаар тургундарына «Кыялдар орундалат» аталыштагы театралдаштырылган кѳрсѳтүү тартууланды.
Андан кийин мэр Азиз Суракматов жана Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы Жаныбек Абиров, Аяз ата, Аяз кыз жана шаар тургундары менен биргеликте 27 метрлик ѳлкѳнүн башкы балатысын жандырышты.

Балатыны жандыруу аземи концерттик программа менен коштолду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!