22-декабрда Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун, Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун, БШК депутаты Бактыбек Абдиевдин катышуусунда Бишкек шаарында Муниципалдык аймактык башкармалыктардын түзүлгѳндүгүнүн 10 жылдык мааракеси белгиленди.

Азиз Суракматов  МАБдардын ѳкүлдѳрүнѳ бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалап, ардак грамоталарды тапшырды.
“10 жыл мурун шаар тургундарынын жашоосун жакшыртуу максатында 22 муниципалдык аймактык башкармалык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн аймакты өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп жатат. Сиздердин алдыңыздарга калк менен тыгыз байланышуу жана шаар тургундарынын күнүмдүк маселелерин чечүү боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Баарыңыздарга шаарыбыздын өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм!”,-деди калаа башчысы.

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын активдүү ѳкүлдѳрү Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин, Биринчи май райондук администрациясынын жана КРнын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү  ѳз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин  грамоталары, ыраазычылык баракчалары, күмүш тѳш белгилери менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ “Ыр кесе” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.