Свердлов райондук администрациясынын ардак грамотасы жана баалуу белектери менен төмөнкүлөр сыйланышты: Свердлов районунун Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Нурмат Шамбетов жана орун басары Рустам Абдрахманов, Свердлов районунун Социалдык фондунун башчысы Элчибек Бусурманкулов, Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурат Абдылдаев, “Бишкексвет” МИ бөлүм башчысы Раушан Умуралиева.
Эскерте кетсек, шаардык конкурстун жыйынтыгы боюнча “Кыргызтелеком” ААК, №30 орто мектеби, №12 окуу тарбиялык комплекс, №8 үйбүлөлүк медициналык борбор, “Бишкексити”, “Беренголд” соода борбору сыйланышкан.
Райондук администрация жаңы жылдык жасалгалоого жигердүү катышкан жалпы катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.