Бишкектин саламаттыкты сактоо департаменти баш калаада кызылчага байланыштуу жагдайдын курчуп жатышынан улам эгерде бала 1 жаштан 6 жашка чейин кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өтпөгөн болсо, ошондой эле, бала бакчалардын жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларын жашаган аймактын Үйбүлөлүк медициналык борборлорунан кызамыкка каршы эмдетүүгө чакырат.


“Урматтуу ата-энелер, эгерде баланын дене табы жогорулап, жөтөл пайда болуп, денесине кызыл бүртүкчөлөр чыгып, тамагы ооруса тез арада дарыгерге кайрылгыла же болбосо үйгө чакырткыла! Санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактагыла!”-деп билдирет Саламаттыкты сактоо департаменти.


Эскерте кетсек, оору аба аркылуу жугат. Ооруган адам айланасына инфекцияны таратуучу булак болуп саналат. Башка бөлмөдө отуруп деле жуктуруп алышы мүмкүн.