Жыйындын жүрүшүндө Ардагерлер кеңешинин 2014-жылы кылганган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, Улуу Ата Мекендик согуштун 70-жылдык майрамынын программасын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар коюлду.
Ардагерлер кеңеши, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана Октябрь районунун тылда эмгектенгендер, полковник Мелис Бейшеев отчеттук доклады менен чыгышты.
Райондун ардагерлерине байланыштуу социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, бир нече маселелер талкууланды.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы ардагерлерге мекенди коргоодо эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип,  жаш муундарды патриоттук жана маданий тарбиялоодо орду зор экенин баса белгиледи.
Аталган иш-чарага райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Зоотбек Исаков, Анатолий Оранов жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.