Жергиликтүү тургундар шаардык бийликке жаңы жылдык белеги үчүн ыраазычылык билдирди.


Аталган эс алуу жайдын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев чоң салым кошуп, өз сөзүндө №10 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын кызматкерлерине жана жетекчилигине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.


Иш-чарага октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Жамал Мамытова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, №10 Жергиликтүу аймактык башкармалыктын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.