Иш-чарага калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаардык спорткомитетинин төрагасы Бакиров Шейшенкул, реабилитациялык борборлордон жана Бишкектин баардык райондорунан 400 бала катышты.
Өзүнүн сөзүндө вице-мэр Айгүл Рыскулова балдарды бул майрам менен куттуктап аларга коюлган максаттарына жетишүүнү жана окууларына ийгиликтерди каалап кетти.


«Кымбаттуу балдар! Силерди ушул өтүп жаткан жакшынакай спорттук майрамыңар менен куттуктайм. Бул майрамды жыл сайын уюштуруу  биз үчүн бир сонун спорттук салтка айланды. Силерге чын ден соолук, окууңарга ийгилик, алдыдагы максаттарыңарга жетишүүнү каалар элем. Эң негизгиси-жеңүү эмес, катышуу экенин эсиңерге салгым келет»!-деди вице-мэр Айгүл Рыскулова.


Балдар үчүн спорттук эстафеталар жана «Кар киши», «Таамай мерген» деген көңүлдүү конкурстар өткөрүлдү. Албетте бардык конкурс жана эстафеталарда ынтымак жеңди.


Аталган  иш-чаранын максаты- кышкы спорт түрлөрүнө кызыгууну арттыруу, жаш балдар менен өспүрүмдөрдү жигердүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга үгүттөө.
Иш-чараны  Бишкек мэриясы жана шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.