Олимпиадага Октябрь районунун жалпы билим берүү мектептеринен 427 окуучу катышты.
Белгиленгендей, олимпиада орус жана кыргыз тилдеринде 11 сабактан өткөрүлдү.


Олимпиаданын жыйынтыгында 69 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, алардын ичинен: 1-орунду 22 окуучу, 2-орунду 24 окуучу жана 3-орунду  23 окуучу багындырды.

Командалык эсеп менен жогорку байгелүү орундарды №26 гимназия комплекси -15 орун, 2-орунга 13 байгелүү орун менен №37 Мектеп гимназиясы, 3-орун 7 байгелүү орун менен №17 мектеп лицейи ээ болушту. Ошондой эле, №63 жана 64 мектеп гимназия 4-орунду, Г.Гмайнер атындагы окуу-тарбиялык мектеп 5-орунду багындырышса, №62 окуу-тарбиялык комплекс 4 байгелүү орунду, №20 мектеп гимназия жана №73 орто мектеп 3 төн байгелүү орун, №71 жана 88 орто мектеп 2 ден байгелүү орун, №3,39,14 орто мектептери 1 ден байгелүү орундарга ээ болушту.

Октябрь районунан шаардык олимпиадага 46 окуучудан турган команда, анын ичинен 4 катышуучу тереңдетилген англис тилинен катышты.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктоо иш-чарасына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова, Октябрь районунун Билим берүү борборунун башчысы Елена Строкова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова катышты.

Сыйлоо аземи №17 окуу-тарбиялык комплексинин чыгармачылык жамаатынын  жана маданияттын мыктысы Евгений Ивановдун катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.