Биринчилерден болуп администрациянын төрагасынын орун басары Сагынбек Шакитов доклады менен чыкты. Өз сөзүндө өтүп кеткен 2014-жылы райондук администрация болгон күчүн жана иш аракетин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугуна жетишүүгө, экономиканын бардык аймактарындагы аракеттерди колдоого, жарандардын жашоо турмушун жогорулатууга жумшаганын баса белгилеп, райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу да кеңири маалымат берди.


Жыйындын жүрүшүндө райондук салык кызматынын  жана райондук башкаруунун Социалдык фондунун башчылары докладдары менен чыгышты. Докладдарда бюджеттин киреше бөлүмүн камсыздоо жана пенсияларды кечиктирбей берүү, 2015-жылга карата пландарды бекитүү ошондой эле «2013-2017-жж Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына»  ылайык иш аракеттерди өткөрүү, райондун тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу, бардык өнүгүү программаларын мамлекттик жана аймактык деңгээлде  иш жүзүнө ашыруу жөнүндө сөз кылышты.


Райондук администрациянын коллегиясынын күн тартибинде козголгон ар бир суроо боюнча токтомдор чыгарылды.


Аталган коллегияга калаанын вице-мэри Марс Саккараев, райондук кызматтардын жетекчилери, МТУнун башчылары,райондук администрация аппаратынын жооптуу кызматкерлери, мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн, мекемелердин, уюмдардын өкүлдөрү жана жетекчилери катышты.