Турнир атайы балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук жана элдик оюндар боюнча спорт мектебинин базасында өткөрүлдү.


Мелдеш командалык жана жеке зачет болуп швейцариялык система боюнча 7 тур менен өттү. 1-2-орундарды ээлеген спортчулар Бишкектин курама командасына киришти. Эми алар 25-февралдан 8-мартка чейин Ысык-Көлдө өтө турган мелдеште шаардын намысын коргошот.


Жеке отчетто мырзалар арасында алтын медалды 2-жыл катары менен Анарбек Жамакеев алса, кыз-келиндер арасында Айтурган Максатбек кызы жеңип алды. Ал эми командалык зачетто мырзалар арасында Кыргыз Мамлекеттик Дене-тарбия жана Спорт Академиясы, кыз-келиндер арасында Кыргыз Улуттук университети жеңишке ээ болушту.


Мелдешке жалпысынан 76 адам катышты. Алардын ичинен 40 мырда жана 36 кыз-келиндер.