Аталган чемпионатты Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбанбек Шерматов, КРнын салттуу ушу Федерациясынын президенти, дүйнө чемпиону Евгений Лопаткин жана «Сейтек» чыгармачылык борборунун директору Ирина Балтабаева ачып беришти.


Бул жылы чемпионатка 7 ден 72 жашка чейинки өлкөнүн аймактарынан жана калаанын ар кайсы уюмдарында машыккан 205 спортчу катышты.
Чемпионаттын катышуучуларына ушу спортунун  бир нече стили сунушталган. Атап айтсак, сунсинэйцзяцюань же сунси стили, наньцюань(«түштүк муштум»), чан цюань («узун муштум»), шаолинь муштуму, тайцзицюань («Улуу Чек муштуму»), вин чунь («Чексиз көктөм» стили).


Ошондой эле бул чемпионатта куралдын түрү менен иштөө техникасы да көрсөтүлгөн: шыргый (шырык), кылыч, ичке кылыч (сабля), цзянь- түз кылыч, веер (желпингич), чыбырткы (чыбык камчы) «жолборстун куйругу»,  туштүк жоон кылыч. Мындан тышкары, жеке түрлөрүнөн, дуйлянь техникасына шартталган курал менен жана куралсыз жекеме-жеке мелдеш болуп өттү.


Аталган чемпионатта баардыгы салттуу ушу спорт түрүнүн 33 түрү көрсөтүлүп, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Кыргыз Республикасынын салтуу ушу федерациясы менен биргеликте уюштурду.