Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иштөөсү, ошондой эле, конуш тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.

№13 Жергиликтүү аймактык башкармалыктын кварталдык комитетинин төрагасы Жаш Гвардия, Карагай жана Куренкеева көчөлөрүндө канализациянын жоктугу жөнүндө маселени көтөрдү.

“Биз бул маселе менен шаардык кеңештин депутаттарына кайрылганбыз. Бирок, эч кандай чечим чыгарып беришкен жок”-деп белгиледи конуш тургуну.

Кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, азыркы учурда бул маселе боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, райондун учурдагы абалы тууралуу №4 аймактык милиция пунктунун ага аймактык тескөөчүсү Бакай Саякпаев айтып берди.

Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев жана конуш тургундары катышты.