«Жашылдандыруу»  муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча жакында отургузулган көк арчалардын тамыр системалары атайы өзгөртүлгөн.


«Негизи арчалардын тамыры ылдыйды көздөй өсөт. Мындай көрүнүш өзөктүү  тамыр тутуму  деп аталат. Биз отургузган карагайлардын тамыр тутуму  бир канча өзгөртүлгөн. Мындай чара бул бактардын өсүү шартына байланыштуу болгон. Анткени табигый абалда жердин семиз катмары эки метрге чейин жетет. Ал  эми биздин шартта жердин семиртилген катмары болгону 60 сантиметрди түзөт, анткени астында бетон жатат. Толук тамыр алып кетүүсүнө чейин бир нече убакыт аралыгында бактардын оорушу мүмкүн. Бирок биз бактардын жаӊы жерде тезирээк тамыр алып кетүүсүнө бардык аракетибизди жумшайбыз. Атап айтканда, бойду тез өстүрүүчү стимуляторлорду беребиз, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонобуз жана сугарабыз»,- деп «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын жашылдандыруу бөлүмүнүн башчысы Тейтбек Мамажанов билдирди.


Анын айтуусу боюнча мындай көрунүш көп эле кездешет жана бактар үчүн кооптуу деле эмес.