Свердлов районунун №33 мектеп гимназиясынын базасында жана Биринчи май районунун №70 гимназия комплексинде илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.
Илим, техника жана өндүрүш жумалыгына арналган иш-чаранын алкагында №33 мектеп гимназияда майрамдык концерт, “Илим жана экономика балдардын көз карашы менен” жана илимий-практикалык моделдер  сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун мугалимдери тарабынан сүрөттөчү-прикладдык чыгармачылык, авиа моделдөө жана шахмат боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.


Ошондой эле, Биринчи май районунун мектептеринде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлөт.


•    “Балдарга окутуу” акциясы;
•    Дүйнөлүк илимдеги жетишкендиктер жөнүндө класстык сааттар;
•    Экономикалык долбоорлорду иликтөө конкурстары;
•    “Илим жана экономика  балдардын тили менен” эссе жана адабий дилбаян конкурстары;
•    “Техника жана экономика балдардын көз карашы менен” сүрөт конкурсу;
•    Агрофирма  өнөр жайына экскурсия.


Илим, техника жана өндүрүш республикалык  жумалыгы Кыргызстандын  жалпы Билим берүү мекемелеринде жыл сайын февраль айында өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты жаштардын илим алуусун өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасы өнүгүү үчүн сапаттуу били берүүнү жогорулатуу эсептелет.


 Аталган иш-чарага Республиканын техникалык окуу жайлары, мектептери, Балдар чыгармачылык борбору жана Республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык балдар академиясынын окуучулары катышат.

Первомайский район

Свердловский район