Баскетбол боюнча кыздар командалары арасындагы мелдеш күн сайын саат 10:00 Раззаков атындагы КТУнун ойноо залында өткөрүлүп, 2015-жылдын 20-февралга чейин улантылат.


Аталган спартакиадага 1997-жылы туулган жана андан кичүү кыздар катышат.


Катышуучулар райондук этапта райондон 2 командадан (I-IIорун үчүн) ойношот. Байгелүү орундарга ээ болгон командаларды  Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитети даражасына жараша кубок, медал жана дипломдору менен сыйлайт.


Эскерте кетсек, Спартакиадага баардыгы болуп калаанын 4 районунан 8 кыздар командасы катышат.


Келип колдоо көрсөтуп кетиӊиздер!