Жолугушууда конуш тургундарынын ар түрдүү  көйгөйлөрү, жолдорду оңдоо, тротуар, газдаштыруу, канализация, жарыктандыруу маселелери  жана аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу талкууланды.  Ошондой эле, конуш тургундары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ак кызматы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Аталган жолугушууга Бишке шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын ИИББ нын башчысы Кашкар Жунушалиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Жээнчороев, аймактык тескөөчүлөр жана конуш тургундары катышты.

Кийинки жолугушуу «Арча-Бешик» конушунун №93 орто мектебинде саат 17.00до өткөрүлөт.