Жолугушууда конуш тургундарынын көйгөйлөрү, ошондой эле, аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу талкууланды. Кайрылуулардын көпчүлүгү жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана суу жабдуулары, жолдорду оңдоо, жолбун иттердин көбөйүшү айтылды. “Биздин балдар эртең менен мектепке баруудан коркушат. Жолбун иттер көп. Жолбун иттерди жоготууга чара көүүңүздөрдү суранабыз”,-деп билдиришти конуш тургундары.


Бала бакчалардын жетишпестиги көтөрүлдү. Конуш тургундарынын айтуусу боюнча өткөн жылы бала бакча курууга жер тилкеси берилген. Бирок жер тилкеси белгисиз себептер менен үчүнчү адамга берилип кеткен. Конуш тургундары калаа башчысынан жер тилкесин кайтарып берүүдө жардам берүүгө жана бала бакча маселесин чечип берүүнү суранышты.


Мындан тышкары, укук коргоо органдарына тийиштүү маселелер талкууланды.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Ленин райондук администрациясынын башчысы аскар уулу Мирлан, Жергиликтүү аймактык башкармалыктар, мэрия кызматкерлери жана конуш тургундары катышты.