Буйруктун негизинде Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык жеңишине карата өтүлө турган иш-чаралардын планы бекитилген.


9-майда “Ала-Тоо” аянтында бардык облустардан келген согуштун ардагерлеринин катышуусунда парад  өткөрүлөт. Ошондой эле, ардагерлерге салттуу аскердик буламык, окуучулардан театралдык парад, кайрымдуулук марафон,  “Жеңиш маршы” чуркоо, “Мен чоң атам менен сыймыктанам” жүрүшү өткөрүлөт.


Калаанын төрт районунда концерттик программалар, спорттук иш-чаралар жана тематикалык спектаклдер уюштурулат.


Ошондой эле,  9-майга карата “Георгиев  лентасы”, “Биз унутпайбыз! Биз сыймыктанабыз!” акциялары өткөрүлөт.