Майрамдык дасторконго Улуу Ата Мекенди согуштун ардагерлери, концлагерге туткун болгондор,  майыптары жана Ленинград блокадачылары катышты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардыктардын атынан ардагерлерге бүгүнкү тынчтык күнгө жетүү үчүн жасаган эрдиктери, каармандыктары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.


Ардагерлер согуштун кыйын жылдарын эскеришти. 92 жаштагы спорттун ардагери Петр Чесноков бардык катышуучуларды сергек жашоого үндөдү.


Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, Куралудуу күчтөр жана тылда эмгектенген Эсенаман Тойгонбаев иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. “Өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап, кийинки муунга жеткирүү  сиздердин милдетиңиздер. Жеңиш үчүн кыйынчылыктарды басып өткөнүбүздү унутпаныздар”,-деп белгиледи  төрага.


Чакырылгандардан  22 ардагерге 1000 сомдон, калган 383 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 1000 сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.
Аталган иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, вице-мэр Айгүл Рыкулова катышты.