Масленица майрамы  «Оберег» Калыбына келтирүү борбору, Биринчи май районунун балдар чыгармачылык борборунан  400-500дөй жаш балдар, өспүрүмдөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле,  кары картаӊдар жана Бишкек шаарынын ар кайсы кароосуз калган борборлорунун балдары үчүн уюштурулган.


«Мен сиздерди ушул жазгы майрам менен куттуктайм! Бул абдан кызыктуу майрам. Бишкек шаарында бул майрамды жыл сайын белгилейбиз. Биздин Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун, Мекенибиз өркүндөп өссүн. Бул дүйнөдө жакшы адамдар бар болгон үчүн дүйнө жүзү жашай берет жана бул дүйнөнүн келечеги бар. Баардык балдарды куттуктайм, бардыгыӊыздарга ден соолук жана көӊүлдүү маанай каалайм!»-, деп белгиледи вице-мэр Айгүл Рыскулова.


Ошондой эле вице-мэр Айгүл Рыскулова мэрия «Оберег» калыбына келтирүү борбору менен бир топ убакыттан бери иштеп келе жатканын,  мындан ары да уланта берээрин жана жардам көрсөтүүсүн айтып, мындан тышкары, «Оберег» калыбына келтирүү борборунун баардык  коммуналдык төлөмдөрүн толугу менен мэрия өз мойнуна алууну пландаштырып жатканын кошумчалады.

Аталган  иш чарага Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министири Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Любовь Ардамина катышышты.