Акыркы учурда адамдын үрөйүн учурган окуялар катталып, зордук-зомбулуктан жабыр тарткан, кордук көргөн  балдардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.


Мындай окуялардын себептери көп жана ар түрдүү. Жалгыз бой энелер, үйбүлөдөгү көйгөйлөр, алкоголизм, баңгиликке болгон муктаждык, ажырашуу, урушуу, жакырчылык жана жумушсуздук, миграция, социалдык жайланышпагандык, турак-жайдын жоктугу, социалдык стресс жана башкалар болушу мүмкүн.


Бишке шаары ички миграциянын борбору болуп эсептелет. Кыргызстандын дубандарынан келген элдердин көпчүлүгү борбордон жашоосун жакшыртууну жана жашоону каалашат. Бирок, калаага келгенден кийин ар түрдүү көйгөйлөрдү жолуктурушат.


Татаал кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы зомбулуктан жабыр тарткан балдарды коргоо боюнча иш планын иштеп чыгып, кабыл алды. Аталган иш планда кыйын абалда жашаган үйбүлөлөр жана балдарга жардам берүү, бирдей коштоо тармагын түзүү, мындан тышкары, бекитилген планда коомчулукка белгилүү болуп жаткан балдарга карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамилени токтотууну күчтөндүрүү, ошондой эле, агартуучулук иштерин жүргүзүү.


Аталган иш планга ылайык балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулук боюнча жыйын өткөрүлдү. Ошондой эле, калаанын райондорунда жыйындар жана балдарга карата зомбулукту жоюу боюнча биринчи семинар  “Ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун” базасында өткөрүлдү.