Аталган акция Эл аралык кардарлардын укугун коргоо күнүнө туура келтирилген.

Акция  калкты өндүрүлгөн азык-түлүктүн сапаты  кабыл алынган талаптарга, айтылган керектөөчүлүк касиеттерге ээ болбогон өндүрүүчүлөр  тууралуу маалымдоо максатында өткөрүлөт.


Иш чара «Дүкөндө сак бол, сактоо мөөнөтүн кара. Начар товардан кач, ден соолукту сакта» деген ураан менен өтүүдө.

Акциянын алкагында шаардыктар сапатсыз же пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш аныкталган учурда аны сүрөткө же видеого тартып, анын сатылган жерин белгилөө кере

Фото, видеоматериалдарды чеги менен бирге Байтик Баатыр,77 дарегинде жайгашкан  Бишкек мэриясынын Керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо жана керектөө рыногун өнүктүрүү  бөлүмүнө же болбосо  zppbishkek@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөӊүздөр болот.

Келип түшкөн баардык маалымат кардарлардын укугун коргоо бөлүмүндө каралат. Бузуулары бар ишканаларга кемчиликтерин жою сунушталат.