Иш-чара шаардын санитардык абалын жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, ошондой эле, мекемелерди жана уюмдарды, көп кабаттуу жана жеке үйлөрдө жашаган  шаардыктарды ушул сыяктуу иш-чараларга  тартуу максатында жүргүзүлөт.
Белгиленгендей, өзгөчө көӊүл калаанын базар аймактарына жана менчик имараттардын ирригациялык тармактарына бурулмакчы.