Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери Москва жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Тоголок Молдо сейил багын тазалашып, жыйынтыгында 7 унаа кураган жалбырактар бутактар тазаланды. Ишембиликке калаа мэриясынын 50 дөн ашуун кызматкери катышты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ишембиликтин жүрүшүндө аталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.


“Кыштан кийин баарыбыз коммуналдык кызматтар жана шаар тургундары менен биргеликте шаарды ирээтке келтиришибиз керек. Ишембилик – адамдарды бириктирген эски салт. Ага жеке катышуу менен шаар тургундарынын түшүнүгүн жогорулатууга болот”,-деп белгиледи калаа башчысы.


Аталган ишембиликке райондук администрациялардын, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, активдүү шаардыктар жана студенттер чыгышты.
 Жалпысынан ишембиликке 94 уюмдун жана мекемелердин 3 миңден ашуун кызматкерлери катышты.


Мэрия мындай иш-чаралар шаардыктар тарабынан колдоого алынып жана жалпы аракеттер менен жакынкы убакта шаар чындап жазгы көрүнүшкө ээ болоруна үмүт кылат.