Бринфингдин катышуучулары журналистердин ар түрдүү суроолоруна жооп беришти.


Суроолор Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы аткарган иштерине басым жасалып, билим берүүдө жасалма документтер тууралуу да белгиленип өттү.


«Мен №5 мектеп-гимназиясын кумуш медалы менен аяктап, Н.Э Бауман атындагы Москва Улуттук Техникалык университетинде окугам жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин окуп бүтүргөм»- деди Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчичи Айбек Омуралиев. Азыркы учурда ал Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында магистратураны бүтүрүүдө. Мындан тышкары, өткөн жылы Юридикалык Академияда билим ала баштаганы белгилүү.