Жеке турак-жай куруу департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков 2014-жылда алынып, түртүрүлүп салынган мыйзамсыз курулуштар тууралуу айтып берди.  Анын айтымында, өткөн жылы 120 дан ашык мыйзамсыз курулуштар алынып салынган.  Алардын ичинен кырктан ашуун мыйзамсыз курулуштан шаардын борбордук бөлүгүндө. Ал эми, жаңы конуштардагы 80 мыйзамсыз курулуштун 53у жолго жакын жайгашылган.  Жашоочулар жер тилкелерин кеңейтүү максатында тосмо, сарайлар сыяктуу үй тиричилик курулуштарын мыйзамсыз куруп алган.

«Ишибиздин негизги бөлүгү  шаар борборуна багытталган, бирок ошого карабастан быйыл жана келерки жылы  жаңы  конуштарына өзгөчө көңүл бурууну пландап жатабыз. Алсак,  шаар ичинде баары курулуп калган, ошол себептен биз мыйзамсыз курулуп баштаган имараттарды гана алып сала алабыз. Ал эми конуштарда болсо жашоочулар курулуш иштерин баштай элек жерлер бар. Ошол себептен биз алдын ала конуш тургундарына алар кандай учурларда курулуш мыйзамдарын бузаарлары туралуу түшундүрүү иш чаралын өткөрөбүз», - деп белгиледи Жеке турак-жай куруу департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков.


Ошондой эле, жаңы конуш тургундарына ыңгайлуу болуусу үчүн ар бир Жергиликтүү аймактык башкармалыктар жер тилкеси боюнча конуш тургундарын кабыл алуу пландалууда. Бекитилген иш графиги жакынкы убакта Бишкек шаарынын расмий сайтына чыгат.