“Тазалык” МИ  арыктарды кум, баткактардан арылтып, көк майдандарды жана жолдун жээктерин таштандыдан тазалоодо.


“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы дренаждык тармактарды тазалоо үчүн айкалыштырылган түтүк жуучу КО-560 унаасын колдонууда
Ошондой эле, “Жашылдандыруу”  МИ куураган бак-дарактарды кыйуу иштерин  аяктады. Жакынкы аралыкта жолдун жээгине көчөттөр отургузулат. Көчөттөр Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн жээктерине ошондой эле, калаанын бардык аймагына бак-дарактардын жетишпеген жерине липа, эмен, клен жана ясень көчөттөрү отургузулат. Азыркы учурда сейил бактарды, бульварларды былтыркы жалбырактардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.


Эскерте кетсек, “Тазалык” МИ  үстүбүздөгү жылдын 23-февралында көчөлөрдү жууп баштаган. Бүгүнкү күндө көчөлөрдү жуу үчүн 16 бирдик техника чыгууда.