Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда жумасына эки ирет профилактика жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-билим берүү иштерин өткөрүү менен ачык эшик күндөрү өткөрүлүп турат. Райондук администрацияларда, ЖОЖ, китепканаларда, кесиптик-техникалык лицейлерде, шаардык мектептерде жана башка мекемелерде лекция окулуп, семинарлар, маектешүү, диктант жаздыруу жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.


Ири шаарларда профилактика жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча радиолекицялар уктурулат, коомдук транспорттордун салондоруна эскертүүлөр илинет.